Биз менен байланышыңыз

Ошто ММА мушкерине ок тийген окуяны милиция иликтеп жатат

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 457 | 0

Милиция Оштогу спортчулар ортосундагы ок атышуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер минисрлигинин (ИИМ) маалымат кызматы кабарлады.

Өткөн аптада Ош облусунун аймактык ооруканасына 1990-жылы туулган Ош облусунун жашоочусу денесинен жаракат алып түшкөндүгү маалымдалган. Чакырууга барышкан милиция кызматкерлери Р. уулу Т. аттуу жаран ок атуучу куралдан жаракат алгандыгын такташкан. Ага аймактагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө операция жасашып, кийин травматология бөлүмүнө которулган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Ош шаары боюнча Тергөө кызматы Жазык кодексинин 138-беренеси (Саламаттыкка оор залал келтирүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүп жатат.

Ал эми ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин криминалдык милиция кызматынын (КМК) аймактар аралык башкармалыгы жүргүзүүдө. Болжолдуу иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен бир нече жаран суракка алынган.

Саламаттыкка оор залал келтирүү фактысы боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана башка экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) окуянын чоо-жайын аныктоо максатында сотко чейинки иликтөө жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM