Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Айылдык кеңеш жакшы иштесе, бизге да жеңил болмок

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Сен 2019 | 482 | 0

Жогорку Кенештин вице-спикери Аида Касымалиева «Маралга» берген маегинде Жергиликтүү кеңеште шайлоолор Жогорку Кеңешке караганда оор өтөрүн билдирди.

Анын айтымында, эл айылдык кеңештин шайлоосунда ыдырап калат. Ага караганда президенттик шайлоо жеңил өтөт.

Айылдык кеңештерде мандаттарды аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө мыйзам шыр иштеп кетиши күмөн. Мыйзамдагы мүчүлүштүктөр болсо, кайра тактоо зарыл. ЖК мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөйт.

«Айылдык кеңештерге аялдардан келүүсү коррупцияны жеңүүгө жакшы таасир берсин деген максат бар. Жаңы мыйзамга ылайык, мектеп директорлору жана салматтыкты сактоо мекемелеринин башчылары жергиликтүү кеңештин шайлоого катышуу укугуна ээ болду. Кыйын аялдар көп, болгону аларга мүмкүнчүлүк түзүлбөй келген. Эми аялдардын жергиликтүү кеңешке келүүсүнө шарт түзүлдү. Айылдык кеңештин бюджетин толтурууда аялдардын таасири зор. Эл көзөмөлдү үйрөнүп, кеңешип иш кылса парламентке да оңой болот. Айылдык кеңеш жакшы иштесе бизге да жеңил болмок», — дейт Касымалиева.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөлөрү аялдар үчүн мандаттарды резервге калтыруунун механизмин ишке ашыруу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы жобо кабыл алышкан. Анда айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча аялдар үчүн мандаттардын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылары бекитилген.

Copyright © 2017 Maral FM