Connect with us

Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 658 | 0

Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү 2019-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, убактылуу алынган бланктын мөөнөтүн узартууга негиз жок. Ал эми жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр ноябрдын ортосунан тарта бериле баштайт.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн сапаты да мыкты болот. Мындан сырткары, күбөлүктүн ээси тууралуу маалыматтар жана сүрөттөр эски күбөлүктөрдөн айырмаланып, лазер принтерден чыгарылат. Жалпысынан жаңы документ 20дан ашык коргоо элементтерин камтыйт.

Жаңы күбөлүктүн баасы дээрлик 9 эсеге арзандайт, тагыраагы, 100 сом 86 тыйын болот. Буга чейин эски айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 12 евро же 920 сомду түзүп келген.

Жарандар суроолор боюнча 0312624041 номуруна кайрылып жооп ала алышат.

Copyright © 2017 Maral FM