Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «КИТ-2019» маалыматтык технологиялар форуму болуп өттү

Коом | 24 Сен 2019 | 707 | 0

«Санарип Кыргызстан» аталышындагы маалыматтык технологиялар форуму Кыргыз-Түрк Манас университетинде өттү. Форумга Орусия, Казакстан, Украина, Финляндия жана АКШдан келген IT тармагынын өкүлдөрү жана адистер катышууда.

Мында алар тажрыйба алмашып, жаңы технологиянын келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Технология адистери онго жакын багытта чеберчилик сабактарды өтүштү. Анда жеке маалыматтарды коргоо, электрондук соода жана санарип маркетинг боюнча таанышуу болду.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Дастан Догоев учурда Кыргызстанда санарип технологиялар багыты өнүгүү жолунда экенин билдирди. Мисалы, айыл чарба, соода жана башка тармактар санарипке өткөрүлүп жатат.

— Кибер кооопсуздук, санарип маркетинг жана башка актуалдуу темалар талкуулануууда. Кыргызстан мына быйыл санариптештирүү жылы болгондуктан, бир топ жетишкендиктерге жетишти десек болот. Өзгөчө көйгөйлүү болгон айыл чарба, соода тармагы автоматташтырууга өтүп жатат.

«КИТ-2019» форуму жыл сайын 2 жолу өткөрүлөт. Быйыл жетинчи  ирет өтүп,  IT адистер үчүн атайын сынак жарыяланып, мыкты компаниялар аныкталат.

Кыргызстанда IT тармагындагы адистерди окутуп-үйрөтүү керектигин Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов айтты.

— Дүйнөдөгү жаңы технологияларды колдонуу, ишибизди дагы да жеңилдетүү максатында тажрыйба алмашып, кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин аныктап, ошого жараша аракет кылып жатабыз.

Эскерте кетсек, «Санарип Кыргызстан-2019-2023» санарип трансформация концепциясы кабыл алынган. Ал мамлекеттик башкаруу түзүмүн, өлкөнү санариптештирүү процессинин негиздерин аныктап, ошого жараша иш-аркеттерди көрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM