Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда 9 айда 249 өрт кырсыгы катталды

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 404 | 0

Ушул жылдын 9 айында Ош облусунун аймагында 4 өзгөчө кырдаал катталган, 2018-жылда 11 өзгөчө кырдаал катталып, анын ичинен 1 жаран каза тапкан. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл өзгөчө кырдаалдардын саны 39 %га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, Ош облусунун аймагында 249 өрт кырсыгы катталып, анда 2 жаран каза болгон, өрт алып келген чыгым 23 млн 276 миң 714 сомду түзсө, 2018-жылда 362 өрт кырсыгы катталып, чыгымы 29 млн 113 миң 568 сомду түзүп, 3 адам каза тапкан. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 54%га азайган.

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жарандарды табигый кырсыктардан сактоо максатында башкармалык тарабынан бир нече багытта атайын иш-мерчемдер иштелип чыгып, анын негизинде иш алып барылууда.

Copyright © 2017 Maral FM