Биз менен байланышыңыз

Зеленскийдин айынан Трампка импичмент жарыяланышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 559 | 0

Эгерде АКШ президенти Дональд Трамптын Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленскийге ыдык көрсөткөнү аныкталса, ага карата импичмент жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШ конгрессинин чалгындоо комитетинин жетекчиси Адам Шифф CNN телеканалындагы маек учурунда айтты.

Шиффтин айтымында, эгер Трамп Зеленскийди коркутуу аркылуу шайлоо учурунда өзүн колдоп, оппоненттерине карата мыйзамсыз иштерди жасоого көндүрүүгө аракет кылса, анда буга татыктуу жооп жалгыз гана импичмент болушу мүмкүн.

Чалгындоо комитетинин болжолуна ылайык, Трамп украин президентин өз тарабына тартууда Украинага аскердик жардам берүүнү токтотуу аракетин колдонушу мүмкүн.

Учурда АКШда Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ортосундагы телефондук сүйлөшүү кызуу талкууланууда. Буга чейин да Трамп украин лидери менен сүйлөшкөндө Украинада мурдагы вице-президент, президенттик шайлоого аттанып жаткан Трамптын башкы оппоненттеринин бири Жо Байденге жана анын уулуна карата иликтөө жүргүзүүнү талап кылганы тууралуу кабар тараган.

Мындай жагдайдын өзү эле президентке импичмент жарыялоого негиз боло ала турганын сенатор-демократ Крис Мерфи айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM