Биз менен байланышыңыз

Биринчи жолу кыз- келиндер арасында боз үйдү тез чечүү сынагы өттү

Кыска кабар | 22 Сен 2019 | 399 | 0

Улутттук көчмөндөр оюндарынын алкагында алгачкы жолу кыз- келиндер арасында боз үйдү ылдамдыкта чечүү сынагы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бекитилген жобого ылайык, ар бир аймак сынакка 5тен келин жана түндүктү көтөрүп туруу үчүн 2 жигит дайындоосу керек. Сынакта тез чечүү менен бирге аны кынаптап жыйноо талабы да коюлган.

Аталган кыз – келиндер арасындагы сынака 75 баш боз үйдү ылдамдыкта чечүү үчүн ар бир аймак бирден боз үйдү өздөрү даярдап келишкен.

Боз үйдү тез чечүүдө биринчи орунду Ысык- Көл облусу, экинчи орунду Талас облусу, үчүнчү орунду- Бишкек шаары ээледи.

Эске салсак, буга чейинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жигиттер арасында боз –үйдү ылдамдыкта тигүү сынагы өтүп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM