Биз менен байланышыңыз

Ирак: Кербала шаарындагы жардыруудан 12 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2019 | 499 | 0

Ирактын Кербала шаарындагы ири жардыруудан 12 адам каза таап, 5 адам жарадар болду. Бул тууралуу Ирактын Коргоо министрлиги расмий порталына жазды.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 20-сентябрда болгон. Анда Кербала шаарынын кире беришинен жүргүнчү ташыган микроавтобус жарылган.

Жаракат алгандар Кербала шаардык ооруканасына жеткирилип, тиешелүү жардамдар берилип жатат. Шаардын Саламаттыкты сактоо башкармалыгы каза тапкандардын көпчүлүгү унаанын ичинде болгонун, сыртка качып чыгууга үлгүрбөй калышканын маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM