Биз менен байланышыңыз

Кыргыз делегациясы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясына жөнөп кетти

Кыска кабар | 21 Сен 2019 | 512 | 0

Бүгүн, 21-сентябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков баштаган Кыргызстандын делегациясы Нью-Йорк шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Кыргыз делегациясы 21-сентябрдан 28-сентябрга чейин өтө турчу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамлеясынын 74-сессиясынын жалпы дебаттарына катышат.

Сапардын алкагында ар кандай мамлекеттерден келген тышкы саясий мекемелердин жана эл аралык уюмдардын башчылары, анын ичинде, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш  менен бир катар  эки тараптуу жолугушуулар мерчемделүүдө. Ошону менен бирге, эки тараптуу документтерге, анын ичинде дипломатиялык мамилелерди түзүү боюнча коммюникеге кол коюлары күтүлүүдө.

Ошондой эле, БУУ БАнын 74-сессиясынын жалпы дебаттарында министр Чыңгыз Айдарбековдун чыгып сүйлөөсү макулдашылган. Ал дүйнөлүк коомчулукка өлкөнүн коомдук-саясий жана экономикалык турмушунда болгон маанилүү өзгөрүүлөр, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана Кыргызстанды өнүктүрүүдөгү стратегиялык багыттар жөнүндө маалымат берет.

Мындан тышкары, министр Чыңгыз Айдарбеков БУУ, ЖККУ, ИКУ, Азиядагы кызматташтык боюнча диалог (ДСА), Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишенимдин ченемдери боюнча кеңешмеси (СВМДА) жана башка уюмдардын көп тараптуу иш-чараларына катышат.

Кыргыз Республикасы мурдагы уран казып чыгаруу ишмердүүлүгүнө байланыштуу коркунучтарга арналган жогорку деңгээлдеги иш-чараны кошумча өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM