Биз менен байланышыңыз

БУУнун климаттык саммити: АКШ неге катышпайт?

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 730 | 0

Бүгүн БУУнун Башкы Ассамблеясынын климаттык өзгөрүүлөргө багытталган бир күндүк саммити өтөт. Бул саммиттин алдында глобалдык суу ташкындоолоруна каршы чара колдонуу талабы менен дүйнөлүк деңгээлде митинг жана нааразычылык акциялары орун алган.

Айрым маалымат булактарынын жазганына караганда, климаттык өзгөрүүлөргө багытталган саммитке АКШ лидери Дональд Трамп катышпайт. Ал диний көйгөйлөрдү изилдөөгө арналган сессияга барат.

2017-жылы Трамп АКШ климат боюнча Париж келишиминен чыгары тууралуу билдирген. Бул чечим эл аралык бирикмелердин нааразычылыгын жараткан болчу. Келишимден чыгууга себеп, алар АКШнын 2025-жылга чейин күнөсканалардан чыгуучу газдардын көлөмүн 2005-жылга салыштырмалуу 26%га кыскартууга милдеттендирүүсү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM