Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Мадумаров кол койгон протоколдун юридикалык күчү жок, бирок…

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2019 | 3005 | 0

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров кол койгон протоколдун эч кандай юридикалык күчү жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, протоколдун негизинде эч кандай келишим түзүлгөн эмес жана ал ратификациядан өткөн эмес. Бирок Тажикстандын бийлиги так ушул протоколду бетке карманууда.

«Элдин ортосундагы ынтымакты камсыздап, чыр-чатакты токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдүн негизинде протоколго кол койгон. Анда 275 метр жер 49 жылга ижарага берилгени жазылган. Тажик тарап азыркы тапта 49 жылдан соң жер бизге өтөт деген позициясын карманууда», — дейт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагы боюнча Адахан Мадумаров кол койгон протоколду парламент тааныган эмес.

Мадумаров чек ара чыры боюнча билдирүү таратты (видео)

Copyright © 2017 Maral FM