Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футбол боюнча (U-16) курамасы бүгүн Ливанга каршы ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 18 Сен 2019 | 522 | 0

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионунда 16 жашка чейинки өспүрүм футболчулар арасындагы Азия чемпиондугуна тандоо турунун оюндары башталды.

Борбор калаабызда «F» тайпасына кирген Ирак, Ливан, Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргызстан курамаларынын беттештери орун алат. Тайпанын жеңүүчүсү Азия биринчилигинин финалдык этабына катышуу укугуна ээ болот.

Кыргыз футболчулары Бишкек убактысы боюнча 20:00дө Ливан курамасына каршы алгачкы беттешин өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM