Биз менен байланышыңыз

Депутаттар 16 миң гектар жерди тактоо үчүн «Кумтөргө» барышты (фото)

Кыска кабар , Сүрөт | 18 Сен 2019 | 33658 | 1

Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети «Кен казуу үчүн «Камекого» Сарычат-Ээрташ коругунан 4380 гектар жер берилип, жалпы 16 миң гектар жер өтүп кетти» деген маалыматтын чын-төгүнүн тактоо  үчүн «Кумтөргө» барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын өкүлдөрү маалымдагандай, алгач кен казуу иши башталган 1994-жылы компанияга 10 миң гектар жер бөлүнгөн. Кийин 2009-жылы Өкмөт менен келишип, чалгындоо үчүн дагы 16 миң гектар жер алышкан. Учурда «Кумтөрдүн» балансында 26 миң гектар жер бар.

Ишкананын өкүлдөрүнүн айтканына караганда, кен казуу азыр мурунку алган 10 000 гектар жердин аймагында жүргүзүлүүдө. Ал эми 16 миӊ гектар жерде кен казуу иши болбойт деп жатышат», — деди эл өкүлү Нурбек Алимбеков

Компаниянын адистери билдиргендей, буга чейин жалпысынан 485 тонна алтын казып алышкан. Кумтөрдө дагы 107 тоннадай алтын бар. Калган алтынды 2025-жылга чейин казып алышмакчы. Бирок инвесторлор жаңы келишимге жетишүү менен «Кумтөрдүн» өмүрүн узартууну ниет кылууда. Алар геочалгындоо ишин жүргүзүп, кен казуу иштерин улантууну сунуштоодо.

«Кумтөрдөгү» уулуу калдыктарды сактоочу жайда болжолу 100 тоннадай алтын бар. Инвесторлор калдыкты кайра иштетип, баалуу металлды ажыратып алууну пландап жатышат.

Эл өкүлдөрү Кумтөр токтобошу керектигин белгилеп, ошол эле учурда, экологиялык талаптарды сактоо биринчи орунга коюлушу керектигин айтты.

 

Copyright © 2017 Maral FM