Биз менен байланышыңыз

Депутат: Чек арада 2 сааттай ок атышуу болуп, күчтүү куралдар колдонулган

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2019 | 437 | 0

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жашаган элдин абалы оор. Анткени, 2 сааттай атышуу болуп, күчтүү куралдар колдонулгандыктан, жаш балдар менен аялдар коркуп калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү эл чек араны тактоо ишин тездетүүнү талап кылууда.

«Мектепке ок атылып жатканын элестетиңиз. Чек арага жакын жайгашкандар убактылуу мектепке жана туугандарынын үйүнө көчүшкөн. Алар үйлөрүндө болсо да коопсуздугун камсыздап берүү тапшырмасы берилди. Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кайрылуу жасайбыз. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча аткарып жаткан жумушу тууралуу маалыматын  угабыз. 250 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн, бирок анын сарпталышы тууралуу биле элекпиз», — дейт Тиллаев.

Депутат буга чейин чек арага чектеш аймакта жашаган жарандарды салыктан бошотуу демилгесин көтөргөнүн, бирок эч кандай жылыш болбогонун белгиледи.

Эске салсак, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лейлек районуна караштуу Максат айлында эки тараптуу ок атышуудан бир чек ара кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алган. Алардын ичинен 10 жаран Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен дарыланууга Бишкекке жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM