Биз менен байланышыңыз

Тиллаев тажиктерге өтүп кеткен жерлер боюнча жооптуу адамдарды атады

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Апр 2019 | 1334 | 0

2010-жылдан бери кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация маселелери боюнча Адахан Мадумаров, Жеңиш Разаков, Баткен районунун акимдери жоопкерчилик алышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жерлердин тажик тарапка өтүшүнө көмөкчү болгондордун көпчүлүгүнүн көзү өтүп кетсе, айрымдары картайып калган. Эми бул маселени тиешелүү органдар аныктайт.

«Делимитация, демаркация болгон эмес, бирок өлкөнүн кызыкчылыгын ойлобой туруп чечимдерге кол койгондорду мамлекетке чыккынчылык кылышкан деп айтам. Учурда тиешелүү органдар чечимдерге ким кол койгонун изилдеп жатат. Бүгүнкү протокол боюнча талаш маселелер бар. Тажик тарап 1924-жылкы картага баш ийип алган. Тажик туугандардан жерлерди талашып жатабыз», — дейт Тиллаев.

Эл өкүлүнүн баамында, бүгүнкү күндө кыргыз тарап чек араны тосо албайт.

«Тажикстанга курчтугубузду көрсөтүшүбүз керек. Буга чейин бийлик коркоктугун көрсөтүп келген. Өкмөттүк күндө чек ара маселесин чечүү боюнча талаптарды койдук. Эми тийиштүү органдар коркпой иштеши керек» — дейт Тиллаев.

Copyright © 2017 Maral FM