Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы мектептерге сабак берүү үчүн Орусиядан мугалимдер келди

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 404 | 0

Орусиянын мугалимдерин чет өлкөдөгү мектептерге орноштуруу долбоорунун негизинде 17 мугалим кыргыз мектептерине сабак берүү үчүн келди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан бул долбоор менен иштешкен экинчи өлкө. Буга чейин аталган долбоор менен Тажикстанга 48 мугалим жиберилген.

Эске салсак, июнь айында Орусиянын Өнүктүрүү министрлиги 2019-2020-окуу жылында Кыргызстан менен Тажикстандын мектептерине иштөө үчүн мугалимдердин арыздарын кабыл алууну баштаган болчу.

Орусия Кыргызстан менен Тажикстанга мугалим жиберет

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM