Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстан менен Тажикстанга мугалим жиберет

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 807 | 0

Орусиянын Өнүктүрүү министрлиги 2019-2020-окуу жылында Кыргызстан менен Тажикстандын мектептерине иштөө үчүн мугалимдердин арыздарын кабыл алууну баштады. Бул тууралуу КА-Ньюс басылмасы билдирди.

Орусиянын мугалимдерин чет өлкөдөгү мектептерге жумушка орноштуруу долбоорунун негизинде Орусиянын Өнүктүрүү министрлиги 2017-жылы Тажикстанга 29 мугалим жөнөткөн. Быйыл дагы 50 мугалим барары айтылган. 2019-2020-жылында Кыргызстанга да мугалимдерди жиберүү мерчемделип жатканын аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирген.

Быйыл Кыргызстанга орус тили жана адабияты, физика, математика, химия, биология, маалыматтык технология сабактарынан мугалимдерди жиберери күтүлүүдө.

Буга чейин орус мугалимдеринин жалпы жол чыгымын төлөп, акысыз турак жай менен камсыз кылууга тажик бийлиги милдетүү экени айтылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM