Биз менен байланышыңыз

Өлкө боюнча 190 мектеп авариялык абалда

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 565 | 0

Учурда Кыргызстанда 190 мектеп авариялык абалда. Аны оңдоп-түзөө үчүн 13 миллиард сом керектелет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.

Бул маселе Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинде каралды. Комитеттин мүчөсү, депутат Төрөбай Зулпукаров өлкө боюнча канча контейнер мектеп бар экенине кызыкты.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кара-Суу жана Нарын райондорунда контейнер мектептер бар экенин маалымдап, негизгиси балдар палаткаларда окугабаганын белгиледи.  Ал эми Төрөбай Зулпукаров Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында балдар палаткада билим алып жатканын айтты.

Эске салсак, Нарындын Кеңеш айылында жаңы окуу жылында контейнер мектептин ачылышы болгон. Жергиликтүү чиновниктер катышкан бул ачылыш өлкөдө чуу жараткан. Анын айынан мурунку Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов кызматынан кеткен.

 

Copyright © 2017 Maral FM