Биз менен байланышыңыз

Бакыт Төрөбаев: Матраимовдор уюштуруп жаткан турнирге барам

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 1944 | 0

Өнүгүү-Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 15-сентябрда Матраимовдор уюштуруп жаткан турнирге барат. Бул тууралуу Төрөбаев өзү «Маралга» ырастады.

Ал аталган иш-чарага чакыруу алганын да кошумчалады. Депутат UFC спортуна кызыгарын, ошондой эле турнирге тууганы да катышарын белгиледи.

— Мен чакыруу алдым. Албетте, барам. Мен үчүн башка мамлекеттен келген белгилүү мушкерлердин күч сынашканын көрүү кызык. Анын үстүнө менин тууганым да спортчу, колдоп да турам десем болот.

Белгилей кетсек, Ош шаарында өтүүчү мушкерлер мелдешин Руслан Матраимов жетекчилик кылган «EREM» спорттук клубу уюштурган.

Copyright © 2017 Maral FM