Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Кытай менен Гонконг элине визасыз режим киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 629 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытай, Гонконг административдик аймагынын жарандарына визасыз режим киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 2020-жылдын 1-январынан баштап, Кытай жана Гонконг жарандары эл аралык аэропорт аркылуу Өзбекстан Республикасына визасыз кирип, өлкөдө 7 күнгө чейин боло алат.

Эске салсак, ушул жылдын август айында Өзбекстан 20 өлкөнүн жарандарына визасыз кирүүгө жана 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген. 1-февралда 45 өлкө менен 30 күндүк визасыз режимге макулдашкан.

Ал эми Кыргызстан 60ка жакын өлкө менен визасыз режимде кызматташат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM