Биз менен байланышыңыз

Касап, мигрант болуп жүрүп «эт падышасы» болгон Нусрет [сүрөт, видео]

Блог | 12 Сен 2019 | 1452 | 0

Түркия… Бул өлкөнү эстегенде оюбузга адегенде эле түрк ашканасы келери анык. Мамлекеттин ири шаарларындагы күрү-гүү түшкөн көчөлөрдү бойлой, катар-катар кафе-ресторандар жыш жайгашкан. Жергиликтүү даамдын жыты буркураган көчөнүн ашпоздору сизди сүйрөп келип, кыйнап отургузуп койчудай кейиптенет.

Бирок Түркияда көчөдөн сүйрөтүп келтирбей эле, эки ай мурун кезекке туруп, буюртма аркылуу тамак жасаган өзгөчө ресторандар тармагы бар.

Бул белгилүү тармактын ээси Түркиянын түндүгүндөгү карапайым шахтачынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн — 36 жаштагы Нусрет Гөкче.

«Нусрет Гёкче»: как живет самый гламурный повар планеты и сколько стоят его блюда 1

Ал көп балалуу үйдө чоңойгон. Андан улам атасынын тапканы күнүмдүк тириликке эптеп жетип, үйдө каржылык каатчылык ар качан өкүм сүрүп турчу.

6-классты аяктаган соң, 12 жаштагы Нусрет окууну таштап, эт дүкөнүнө ишке кирет. Жаш болгонуна карабай, үй-бүлөсүнө жардам берүү максатында күнүнө 18-20 сааттан иштечү.

«Нусрет Гёкче»: как живет самый гламурный повар планеты и сколько стоят его блюда 2

Бул жумуш өмүрүндөгү чечүүчү факторду ээлейт деп ойлобосо деле керек башында. Алгач ал касапчынын өткүр бычак менен кантип иштээрине, этти кантип туураганына дыкаттык менен көз салып, байкап жүрдү.

2007-жылы эт дүкөндүн жанына стейк-хаус ачылды. Бир жолу баш баккан Нусреттин башкы максаты стейкти мыкты деңгээлде бышырууну үйрөнүү болуп калды.

«Нусрет Гёкче»: как живет самый гламурный повар планеты и сколько стоят его блюда 3

Ал дүкөндөгү жумушун таштап, эт бышырууну үйрөнүү үчүн Аргентинага жол тартты. 3 айлык сапарында бычак менен ойноону, эт тууроонун чеберчилигин жана башка ашкана сырларын үйрөнүүгө жетишти. Жумшак жана даамдуу эт алуу үчүн мал багуунун сырын үйрөнүү максатында бир канча убактын фермада өткөрдү.

«Нусрет Гёкче»: как живет самый гламурный повар планеты и сколько стоят его блюда 4

Өлкөсүнө кайтып келген соң жаш жигит ресторанга ишке орношуп, кыска аралыкта коомчулукка тааныла алды. Анын аты, сүрөттөрү, жасаган иши маалымат каражаттарына жайылды. Башка ресторанда эмгектенген кесиптештери анын өзгөчө рецепттерин алып колдоно башташты.

Көп өтпөй Нусрет билимин кеңейтүү үчүн бир канча айга Америкага барып, ал жактан стейк бышыруунун чебери болуп кайтты.

«Нусрет Гёкче»: как живет самый гламурный повар планеты и сколько стоят его блюда 5

Мекенине келген 27 жаштагы ашпоз досу менен биргеликте Стамбулда алгачкы стейк-хаусту ачып, ага «Nusr-Еt» деген ысым ыйгарды (Nusr — өз аты, Et- эт).

Нусрет тууралуу кызыктуу видео дүйнөнүн булуң-бурчуна тараганы ага суктанып, кызыккандар көбөйүп барат. Ал видеодо ашпоз өзгөчө ыкма менен элпек кыймылдап, этти жука тилимдерге бөлүп, кооздоп туздаганы бар.

Туристтер Нусреттин чеберчилигине суктануу менен ресторанга көп-көптөн келип турушат. Бул анын тамак-аш жаатында таанымал болуп, кичи бизнесин өнүктүрүп, дүйнөлүк деңгээлге чыгуусуна шарт түздү.

«Нусрет Гёкче»: как живет самый гламурный повар планеты и сколько стоят его блюда 6

Белгилүүлөр дүйнөнүн ар кайсы бурчунан атайын издеп келишип, Нусреттин өзгөчө деликатесинен даам татып кетишет. Маселен, Леонардо Ди Каприо, Рамзан Кадыров, Николас Мадуро, Лионель Месси, Филипп Киркоров, Бекхэм сыяктуу атактуулар да аталган стейк-ашканага келип турушат.

«Нусрет Гёкче»: как живет самый гламурный повар планеты и сколько стоят его блюда 7
«Нусрет Гёкче»: как живет самый гламурный повар планеты и сколько стоят его блюда 8
«Нусрет Гёкче»: как живет самый гламурный повар планеты и сколько стоят его блюда 9

Нусрет бош убактысынын баарын шаңдуу жана ызы-чууга толгон үй-бүлөсү менен өткөргөндү жакшы көрөт. Ал: «Үй-бүлөсү үчүн убакыт таппаган эркек – чыныгы эркек эмес», — деп эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM