Биз менен байланышыңыз

Министр Исаковго берилген суроо жана сунуштар

Коом | 11 Сен 2019 | 828 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Билим берүү жана илим министри кызматына сунушталып жаткан Каныбек Исаковдун талапкерлигин карады. Аны эл өкүлдөрүнө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Буга чейин Жогорку Кеңештин эки комитети Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, жактырган. Аталган кызматты мурда Гүлмира Кудайбердиева жетектеген. Ал сентябрдын башында кызматтан алынган. Каныбек Исаков ОшМУнун ректору кызматын аркалап келген. 

«Реформатор Исаков»

Бүгүнкү жыйын көбүн эсе «Аткарган иштериңизди билебиз, өкмөт алгачкы ирет министрликке туура талапкер көрсөттү, колдойбуз», — деген сөздөр менен коштолду. Мындан сырткары, эл өкүлдөрү Билим берүү жана илим минситри кызматына көрсөтүлгөн Каныбек Исаковго сунуштарын айтып, суроолоруна жооп алышты.

Депутат Улукбек Ормоновдун айтымында, ОшМУда төрт жыл ичинде 9 имарат курулган. Ошол эле учурда оңдоп-түзөө иштери жасалбаган жогорку окуу жайлар бар. Мындан улам, ишин так аткарбаган жетекчилерди жумуштан алуу укугун министрге берүү зарыл.

— ОшМУ төрт жыл ичинде 9 окуу имаратын курган. Өлкө боюнча 32 мамлекеттик окуу жайы бар экен. Окуу корпусу эмес, кароолкана кургандары да жок. Ошону ким көзөмөлдөйт? Милдеттерин аткарбаган жетекчилерди кызматтан алганга министрдин ыйгарым укуктары жетеби? Айтайын дегеним, өкмөт мыйзамга өзгөртүү алып келсе. Ректорду шайлаганда жамаат шайласын. Бирок алар өздөрү ала албай жатпайбы. Шайланган соң түшпөс хан болуп калууда. Жумуштан алуу мүмкүнчүлүгү министрде болсун.

Китептер эми Кыргызстандын басмаканаларында басылат

Буга чейинки министрге китептеги каталар боюнча бир топ сын айтылган. Кийинчерээк китептер чет өлкөдөгү басмаканаларда чыгарылгандыгы белгилүү болгон. Эл өкүлү Сагындык Келдибаев: «Кыргызстанда китеп чыгара албайбызбы?» — деген суроо узатты.

Бул суроого вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жооп берип, катасы менен басылган китептерди дүйнөлүк банк каржылагандыктан, чет мамлекеттерден чыкканын маалымдады.

— Дүйнөлүк банк гранттык түрдө акча берип, сынак жарыялап, уткан басмакана биздин китептерди чыгарган. Бирок, биз азыр өзүбүбүздүн  басмаканаларды өнүктүрөлү деп, башка жобо иштеп чыктык. Бизде басмаканалар бар. Аларды өнүктүрүш үчүн буюртмаларды берип, колдоо көрсөтөбүз. Алар өнүгөт, жакшы деңгээлде иштеп баштайт.

Коррупция менен күрөшүү үчүн министр өзү таза болушу керек

Окуу жайлардагы коррупцияны жоюу боюнча берилген суроого жооп берип жатып Каныбек Исаков өзү үлгү көрсөтөрүн белгиледи. Анын кошумчалашынча, башкалардан талап кылардан мурда, министрлик өзү паракорлуктан алыс болушу керек.

— Коррупция менен күрөшүү үчүн биринчиден, министрлик таза болушу керек, министр өзү баш болуп. Ошондо башкаларга үлгү болот. Биз ошону көрсөтө алсак, анда башкалардан талап кыла алабыз.

Кыргыз тилине көңүл бурулбай калууда

Ал эми депутат Зияидин Жамалидинов эне тилге көңүл бурууга чакырды. Анын айтымында, чет тилдерди билген жакшы, бирок айрыкча, шаарлардагы башка тилде сабак берген мектептерде кыргыз тилине көңүл бурулбай калууда.

— Эне тилди билген бала башка тилдерди да билет. Өз тилин билбей туруп, орусча, англисче сүйлөп жатканы туура эмес деп ойлойм. Ошондуктан айыл жерлерине чет тилдерди үйрөтүү, ал эми шаар жерлеринде эне тилге болгон талапты күчөтүү зарыл. Мисалы, Бишкек шаары боюнча жүздөн ашуун мектептин болгону бешөө гана кыргыз тилдүү.

«Латын алфавитине өтүү кыргыз тилинин өнүгүшүнө түрткү болот»

Түрк тилдүү элдердин ичинен Кыргызстандан башкаларынын баары латын алфавитинде иш жүргүзөт. «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов латын алфавитине өтүү боюнча маселе козгоду. Исаков өз кезегинде мүмкүнчүлүк болсо, латын алфавитине өтүүгө ою түз экенин билдирди.

— Азыр түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында латын алфавитине өтпөгөн Кыргызстан эле калган. Өтүү кыргыз тилинин өнүгүшүнө түрткү берет, эгерде мамлекетте андай мүмкүнчүлүк болсо колдойм.

Жыйынтыгында, 107 добуш менен Билим берүү жана илим министри кызматына сунушталып жаткан Каныбек Исаковдун талапкерлигин колдоо боюнча токтом кабыл алынды.

Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

 

Copyright © 2017 Maral FM