Биз менен байланышыңыз

Мектеп: Айласы табылбаган ата-энелер фонду

Билим-маданият | 11 Сен 2019 | 1300 | 0

«Мектеп фонду ар бир окуучудан жыл сайын 5 миң сомдон чогултат. Бирок балдарыбыз орто билимди акысыз алганга милдеттүү». Мындай пикир балдары Бишкек шаарындагы мурунку №5 Улуттук компьютердик гимназияда, азыркы Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде билим алган ата-эненин бизге жиберген катында айтылат. Бул көйгөй жыл сайын көтөрүлүп, нааразы пикирлер жыл сайын айтылып келет. Учурдагы Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков астыдагы планында жогоруда айтылган маселе бар экенин Жогорку Кеңеште талапкерлигин кароо учурунда билдирди. Жакын арада мектептерде калыптанып калган фондго акча чогултуу көйгөйү жоюлабы? Бул темага жоопту чогуу издейбиз. 

Сыргактын үч баласы Бишкек шаарындагы Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде билим алат. Ал балдары үчүн жыл сайын мектеп фондуна 5 миң сомдон берерин айтып, биздин редакцияга кайрылды. Мамлекет билимди бекер берет дегени менен, керектүү жабдыктарга акча чогултуп, отчету жок иштер жүрүп жатканына нааразы.

— Менин кызым ушул окуу жайда билим алчу. Фондго жылына 5 миң сомдон төлөчүбүз. Андан сырткары, класстык фондго жылына 500 сомдон чогултуп беребиз. Эч кандай отчетту укпайбыз. 2-сентябрда билим күнүнө карата майрамдык иш-чарага барсак, директор: «Силер берген каражатка боз үй тиктик», — деди. Мейли, балдар үчүн кетсин, бирок билимди бекер бериш мамлекеттин милдети болгондон кийин бардыгын каржылап карашы керек эле да. Ошончо каражат чындап боз үйгө кеттиби? Бул башка маселе да. Былтыр 5 миң сомдон чогултуп бергенден кийин, кайра 3500 миң сом болуп калды деген. Бирок 1 жарым миң сомубузду кайтарып бере элек. Быйылкы жылдын эсебинен 2 миң сом бересиңер деп айткан.

Ата-энелердин акчасына тигилген боз үй

«Мектепке ата-энелер тарабынан чогултулуп жаткан каражат мыйзамдуубу? Же жөн гана көнүп калган системабы?» Биз бул суроо менен Бишкек мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Наталья Никифоровага кайрылганыбызда, ата-энелерди фондго акча берүү үчүн эч ким кыйнабасын, бирок жардам катары каражат чогултууга мыйзам жол бере турганын маалымдады.

— Мыйзам боюнча мектеп билимди бекер берет. Бирок окуу жайга жардам берүү — ата-энелердин эрки. Каражаттар эч качан кыйноо менен чогултулбайт. Жыйналган акчага эмне алынганы, оңдоо-түзөө иштери ачык-айкын болуусу шарт. Ар бир иштин артында жалпы ата-энелерге отчет берилиши керек. Бирок фондго кыйноо менен каражат чогултулса, анда биздин ишеним телефонубузга кайрылсаңыздар болот.

Эми бул жерден суроо пайда болот: «Борбордун жашоочулары өз каалоолору менен мектептик фондго акча чогултабы? Чогултса, ал каражаттар кайда, кантип жумшаларын билишеби?»

— Мен балдарымдын баарына тең фонд үчүн акча берип келгем. Ай сайын сурашат, бербесек чалып айткандар да болгон. Мыйзамдуу эле болуш керек.

— Мамлекет билимди бекер бериши керек да. Жок бекер деген эле ат бар. Калгандын баары акча. Мектепке балдарым барса, сабакты эмес, акчаны сурашат. Ошентип жатышса, каяктагы билим берүү системасы жакшырат?

— Бул жардам катары кетет. Ата-энелер балдарына эмне жетишпесе, ошого каражат топтоп сатып берет. Эмнеси жаман? Балдар сапаттуу билим алышы керек да.

— Менин 4 балам бар. Ар бирине акча төлөп эле окутуп келе жатам. Быйыл эң кенже уулум биринчи класска барды. Ага бербейм. Анткени, өкмөт өзүлөрү айтышкан, көп балалуулар бербеши керек деп. Мен класс жетекчисине айтсам, арыз жазып кайрылыңыз дейт. Эч кимисине кайрылбайм дагы, бербейм дагы.

Билим берүү жана илим министри кызматына дайындалган Каныбек Исаков Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, мектепке акча чогултуу мамлекеттин бюджетинен көз каранды экенин белгиледи. Эгерде мүмкүнчүлүк жогору болсо, аталган фондду түп-орду менен жоюуга боло турганын айтты.

— Мен бул маселени көп ойлондум. Эгерде мамлекет толугу менен каржылап бергенге күчү жетсе, фонд деген нерсени толугу менен жоюшубуз керек.

«Мыйзамдан мурун мектеп директорлорунун «мафиясы» алдыңкы орунга чыгып калды», — дейт мурдагы Билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев. Анткени, мектепте базалык орто билимди алуу бекер болгону менен, мыйзамда окуу жайга керектүү жабдыктарды өкмөттүн алып берүүсү каралган эмес. Мындан улам, директорлор ушуну бетке кармашып, акча чогултууну уланта беришерин айтат.

— Мыйзамда билимди каражат менен алуу деген нерсе жок. Мамлекет 1-класстан-11-класска чейинки билимди бекер берүүгө тийиш. Ал эми экинчи жагын карап келсек, өкмөт ар кандай курал-жарактарды алып бербейт деген да бар. Айрым директорлор ушуга таянып алып, мыйзамсыз акча чогултат. Бул — жөн гана директорлордун жүргүзгөн «мафиясы».

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, жергиликтүү бюджеттен борбор калаадагы мектептерге жыл сайын 3,2 млрд сом бөлүнөт. Ал эми ата-энелер жылына 300 млн сомго жакын каражат чогултат.

Мектептеги ата-энелер фондун мыйзамдаштырууга болобу?

Copyright © 2017 Maral FM