Биз менен байланышыңыз

12-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 442 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 12-сентябрда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо абанын температурасы 0…-2° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 5….10… күндүз: 20…..25°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 1….6….күндүз: 19…..24°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 8…..13….күндүз: 23……28°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 1…..6….күндүз: 16……21°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 1….6…..күндүз: 16….21°C

12-сентябрда Бишкекте күндүз күн ачык болуп, түнкүсүн жаан чачын күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 22……24°C, түнкүсүн 7..… 9°C.

Copyright © 2017 Maral FM