Биз менен байланышыңыз

«Кайсы өкмөт келсе да, «Центерра» менен сүйлөшүп алып иштеп жатат деген ой келет»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Сен 2019 | 393 | 0

Кайсы өкмөт келсе да, «Центерра» компаниясы менен сүйлөшүп алып иштеп жатат деген ой келет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Абылкайыр Узакбаев «Маралда» «Айлампа» программасына маек берип жатып билдирди.

«Кумтөр» ишке киргенден бери жоопкерчилик алган жетекчилерди көргөн жокпуз. Аябай саясатташып кеткендиктен, ушундай маселелер жаралууда. Эгерде «Центерра» менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаган соң жаңы келишим түзсөк, мыйзамдардын талаптарына жооп берген өзгөртүүлөрдү киргизмекпиз», — дейт Узакбаев.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-августунда кыргыз өкмөтү «Центерра» компаниясы менен стратегиялык келишим күчүнө киргенин жарыялаган. Ага ылайык, мамлекетке учурдагы салыктардан сырткары дагы 150 млн доллар түшөт.

Келишимге 2017-жылдын 11-сентябрында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM