«Билим берүү тармагындагы коррупцияны тазалоо үчүн министр өзү таза болуусу керек. Биринчи кезекте үлгү көрсөтүп, кийин башкалардан талап кылабыз», — деп белгиледи Исаков, окуу жайлардагы коррупцияны жоюу боюнча берилген суроого жооп берип жатып.
Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеш Каныбек Исаковдун талапкерлигин Билим берүү жана илим министрлигине карап жатат.