Биз менен байланышыңыз

Исаков: Ишти билим берүүнү анализдөөдөн баштайм

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 372 | 0

Бүгүн, Жогорку Кеңеш Каныбек Исаковдун талапкерлигин Билим берүү жана илим министри кызматына карап жатат.

Эл өкүлү Эмил Токтошев суроо берип жатып, Исаков эгер министр болуп калса жумушун эмнеден баштаарына кызыкты.

Исаков эң алгачкы кадамдары мектеп жана мектепке чейинки билим берүүнү анализдөө болорун белгиледи. Мындан сырткары ал билим берүү тармагындагы коррупция менен күрөшүү жолдоруна да өзгөчө көңүл бөлөрүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM