Биз менен байланышыңыз

11-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 333 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 11-сентябрда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо абанын температурасы 0…-2° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 4….9… күндүз: 17…..22°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 1….6….күндүз: 15…..20°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 7…..12….күндүз: 19……24°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 1…..6….күндүз: 15……20°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 1….16…..күндүз: 14….19°C

11-сентябрда Бишкекте күндүз күн ачык болуп, түнкүсүн жаан чачын күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 19……21°C, түнкүсүн 7..… 9°C.

Copyright © 2017 Maral FM