Биз менен байланышыңыз

Казакбаев: ИИМди карапайым жаран жетектеши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Сен 2019 | 494 | 0

Милицияда иштеген адам эч убакта Ички иштер министрлигинде реформа жасай албайт. Анткени, милиция эл үчүн иштейт. Жарандардын коопсуздугун кандай сактоо керектигин жарандык коом жакшы билет. Мындай пикирин «Жарандык союз» коомдук уюмунун өкүлү Урмат Казакбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, милиция бийликке курал. Азыркы бийликке милиция кол астында болгон система керек. Анткени, ИИМдин жетекчисин, анын орун басарын бийлик дайындайт.

«ИИМдин жетекчиси 5 жылдык келишим менен шайланып, карапайым жаран болушу керек. Өз менталитетибиз деп отура берсек, колубуздан эч нерсе келбейт. Мындан сырткары, аймактык тескөөчүлөр 3-6 ай гана иштеп жатат. Эгерде алар 3 жылдай иштесе, бир топ көйгөйлөрдү чечип коймок. Учурда тааныш-билиш болуп, акчалуу жакка өтүп кетет. Тергөөчү, оперативдик кызматкер эл менен баарлашууну билбейт», — дейт Казакбаев.

Белгилей кетсек, 9-сентябрда Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен болгон кеңешмеде ИИМге уюштуруу иштерин жолго салууну, кадрдык чечимдер топтомун кабыл алууну жана өз катарын карасанатай кызматкерлерден тазалоону тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM