Биз менен байланышыңыз

Казакбаев: ИИМдеги тазалануу Жушуналиевдин өзүнө да тиешелүү

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Сен 2019 | 481 | 0

ИИМдин катарын карасанатай кызматкерлерден арылтуу боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы толук аткарылса, милиция кызматкерлеринин 70%ы кызматтан кетиши керек. Бул тууралуу «Жарандык союз» коомдук уюмунун өкүлү Урмат Казакбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тазалануу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин өзүнө да тиешелүү.

ИИМге кеткен каражатты инвентаризация кылуу үчүн милициялардын айлык акысы ачык айтылышы керек. Мекемедеги реформа комплекстүү түрдө жүрүшү керек.

Белгилей кетсек, 9-сентябрда Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен болгон кеңешмеде ИИМге уюштуруу иштерин жолго салууну, кадрдык чечимдер топтомун кабыл алууну жана өз катарын карасанатай кызматкерлерден тазалоону тапшырган.

ИИМдеги тазалануу: Жунушалиев жоопкерчиликти сезеби?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM