Биз менен байланышыңыз

Гуф менен Тиматинин жаңы ыры рекорддук «дизлайк» чогултту (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 727 | 0

Гуф менен Тиматинин жаңы ыры рекорддук «дизлайк» (жакпады белгисин) чогултту.

Сентябрда Ютуб каналына жайгаштырылган «Москва» клибине бүгүнкү күндө 1,4 миллион «дизлайк» ( Жакпады ) жана 90 миңге жакын «лайк» (жакты) белгиси коюлду.

Орусиялык хип-хоп аткаруучулар бул ырды Москванын туулган күнүнө куттуктоо катары эки күндө жазганын билдиришти.

Ырдын текстиндеги «Митингдерге барбайм, болбогон ойду айтпайм. Собянин үчүн бургер жасайм» маанисиндеги саптар көпчүлүктүн нааразылыгын жараткан. Ошондой эле «Москва интеллигенттер менен жамшуттардын уюткусу» деген сабы да бар.

Күйөрмандар аткаруучуларды «Акчага, элди ойлобогон бийлике сатылган», — деп айыпташып, мындан ары бул эки ырчы алар үчүн жок экенин жазышууда.

Өз кезегинде Тимати: «Мен уялган жокмун, акча алган эмесмин жана бизнесимди да куткарган жерим жок. Бирок өз оюмдан катпайм», — деп угармандардын сынына жооп берип, митингге баргандардын жарымы акча үчүн чыгарын кошумчалады.

Ал эми Гуф болгону өзүнүн шаарын майрамы менен куттуктаганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Гуф мене Тимати Орусиянын көрүнүктүү реп аткаруучуларынын катарында. Буга чейин анын Тимати жетектеген «Black Star» продюссердик компаниясына кошулары тууралуу кептер тараган. Бул Гуфтун күйөрмандарынын көпчүлүгүнө жаккан эмес.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM