Биз менен байланышыңыз

Бишкек Жылуулук электр борбору кышка даяр

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 443 | 0

Бишкек Жылуулук электр борбору кышка даяр. Бардык жабдуулар тиешелүү деңгээлде оңдоп-даярдоодон өткөрүлгөнүн, «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Анын айтымында, жылуулук борбор үчүн көмүр жеткирүүгө тендердин жеңүүчүсү аныкталды. Ал «КонтактУглеПром» компаниясы. График боюнча ишкана көмүрдү 2020-жылдын март айына чейин ташыйт. Отундун биринчи көлөмү сентябрда келет.

Бүгүнкү күндө, Бишкек ЖЭБинде 80 миң тонна көмүр бар, Кара-Кече отунун жеткирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле ушул жумада дагы тендер жарыяланат. Күз-кыш жылытуу мезгилине Бишкек ЖЭБи үчүн 1 млн. 140 миң тонна көмүр даярдалышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM