Биз менен байланышыңыз

Сапар Исаков 20 жылга чейин кесилиши мүмкүн

Кыска кабар | 5 Янв 2019 | 948 | 0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата тергөө ишинин негизинде “коррупция” беренеси боюнча акыркы айып коюлду. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов «Марал» радиосуна билдирди.

Сапар Исаков алдын ала уюшуп, мамлекетке материалдык чыгым алып келген деп айыпталууда. Жактоочунун айтымында, Исаков 303-берененин 2-пункту боюнча айыпталганы себептүү 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эске салсак, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык ишке шектелип кармалган. Өзүнө тагылган айыпты четке каккан экс-премьер-министр 18-декабрдагы соттук отурумда  саясий куугунтуктун курмандыгы болгонун айткан.

Copyright © 2017 Maral FM