Биз менен байланышыңыз

Аптанын аба ырайы

Кыска кабар | 8 Сен 2019 | 567 | 0

Кыргызгидрометтин берген маалымат боюнча, 8-сентябрда тоолуу райондордо жамгыр жаабайт.

9-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт.

10-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Ал эми 11-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаайт.

12-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Ал эми 13-14-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтүп, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы салыштырмалуу көтөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM