Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 9-сентябрда тоолуу райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 737 | 0

9-сентябрда күндүз жана 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп: тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° суук…+3° жылуу болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

7-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
дасына 4-9 метрден, 8-сентябрда күндүз жана 9-11-сентябрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM