Биз менен байланышыңыз

Жалдагы адам сабоого шектелген жарандар кармалды [видео]

Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 1242 | 0

28-августта Жал кичирайонунда болуп өткөн адам сабоо кылмышына шектелип, издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Алардын Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына келип, колго түшүп беришкенин «Жалбырак ТВ» телеканалы тартып алган.

Тасмадан белгилүү болгондой, кылмышка шектүү Бапышев Жаныбек аттуу жаран бүгүн таңкы саат 4тө жакынынын коштоосунда келген. Андан көп өтпөй, тактап айтканда, таңкы саат 5:12де экинчи шектүү Сейитбеков Калыс да келип берген.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн айыбы угузулуп, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM