Биз менен байланышыңыз

«Фарватер» КРФА Кубогунун коло байгесин утту

Кыска кабар , Спорт | 4 Сен 2019 | 389 | 0

Бишкектин «Фарватер» клубу Кыргызстандын футзал Ассоциациясынын (КРФА) кубогунун коло байгесин утту. Үчүнчү орун үчүн беттеште алар «Строймир» командасын жеңди. Беттештин негизги бөлүгү 1:1 тең чыгуу менен аяктады. Коло байгенин ээси пенальти тебүү менен аныкталды. Анда Фарватердин футзалчылары таамай тээп, ал эми дарбазачысы эки топту тосту.

Кечээ мелдештин жарым финалында «Форватер» казакстандык «Жеты су’га», ал эми «Строймир» «EREM’ге» жеңилген болчу.

Мелдеш Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы Газпром комплексинде өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM