Биз менен байланышыңыз

Бүгүн салык төлөбөгөндөрдү табуу боюнча рейд жүрөт

Кыска кабар | 4 Сен 2019 | 345 | 0

Мамлекеттик салык кызматы унаа, турак жай, батир жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктаганына карабай, салык төлөбөй жүргөндөрдү табуу боюнча рейддик иш-чараларды бүгүн, 4-сентябрда жүргүзө баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, салыктык милдеттенменин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 2-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана жер салыгын төлөө зарыл болгон.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Copyright © 2017 Maral FM