Биз менен байланышыңыз

Активисттер Кеңеш айылына ашар жолу менен мектеп курат

Кыска кабар | 4 Сен 2019 | 1062 | 0

Нарындын Кеңеш айылында жаңы окуу жылында контейнерден жасалган алты мобилдик үй жеткирилип, кечээ анын ачылышы өткөн. Бул көрүнүш коомчулуктун катуу сынына кабылып, бийлик өкүлдөрүнө карата түрдүү сын-сунуштар айтылган.

Ал арада коомдук активисттер социалдык тармакта талкуулашып, мектепти ашар жолу менен куруу демилгесин көтөрүп чыгышты. Ош шаарынын тургуну Абдушүкүр Жураев өз эсебинен 50 миң кыш (кирпич) убада кылды. Бул демилгени колдогондор көбөйүп, тактай, цемент шифер сыяктуу керектүү курулуш каражаттарын беребиз дегендер чыкты. Демилгечилердин бири Мырза Конурович (Добутов) кол кабыш сунушун айткан ыктыярчы-демөөрчүлөрдүн тизмесин түзүп, Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Учурда тизме 15ке жетти.

Copyright © 2017 Maral FM