Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугушту

Кыска кабар | 3 Сен 2019 | 452 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин төрагасын эс алуудан кийинки иш жылдыгынын башталышы менен куттуктады. Ошондой эле президент Жогорку Кеңештин депутаттары өз милдетин өзгөчө жоопкерчилик менен аткарарына үмүтүн билдирди. Муну менен катар, депутаттар аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү мамлекеттик саясатын, сот-укуктук реформаны алдыга жылдыруу жана жарандардын жашоосун жакшырта турган социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыра турган мыйзам долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурарына ишенерин айтты.

Мамлекет башчысы бул багытта Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен конструктивдүү аракеттенишүү зарылдыгын белгиледи.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жакын арада парламенттин алдында турган пландар тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, бул жыл Жогорку Кеңештин VI чакырылышы үчүн жыйынтыктоочу жыл болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM