Биз менен байланышыңыз

УКМК: 1 млн долларлык мыйзамсыз тамеки сатуу фактысы аныкталды

Кыска кабар | 3 Сен 2019 | 522 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик бажы, салык жана финансы полициясынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, тамеки өнүмдөрүн мыйзамсыз саткан жаран колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери 1-сентябрда ыкчам-тергөө иштеринин алкагында А.И. аттуу Кыргызстандын жараны башкарып бараткан Mercedes Sprinter унаасын токтотуп текшерген. Унаадан акциздик маркасы жок ар кандай маркадагы 79 куту тамеки табылган. Ал А.Б. аттуу Кыргызстандын жаранына таандык экени аныкталган.

Маалым болгондой, А.Б. 2017-жылдан бери Мамлекеттик бажы кызматынын, салык кызматынын жана финполдун кызмат адамдары менен өз ара сүйлөшүп алып, жакынкы чет өлкөлөргө, Орусия жана Казакстанга аткезчилик жол аркылуу тамеки ташып, сатып келген. Шектүүнүн Бишкек шаарындагы кампасы атайын текшерүүгө алынып, анда акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы 5000ден ашык куту (ар биринде 500 пачка сигарет) табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, табылган товардын жалпы баасы 70 миллион сомдон (1 млн доллардан) ашат. Мунун натыйжасында мамлекеттик казынага 24 миллион сом түшкөн эмес.

Сотко чейинки өндүрүштө материалдар мыйзамсыз иш жүргүзүү, уруксаты жок тамеки өнүмдөрүн сактоо жана сатуу, башкача айтканда, Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу, алдалдоо) негизинде катталды.

Азыркы учурда товардын А.Б. аттуу ээсинин жашаган жерин аныктоо, табылган тамекилердин жалпы баасы, бажы кызматтарына төлөнбөгөн чыгымдардын суммасын аныктоо иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM