Биз менен байланышыңыз

Каптагаев Садыр Жапаровдун иши боюнча башкы прокурорго ачык кат жолдоду

Кыска кабар | 2 Сен 2019 | 789 | 0

Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору, саясатчы Эмилбек Каптагаев камакта отурган саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго өзүнүн “Фейсбук” баракчасчы аркылуу ачык кат жолдоду.

Өзүнүн кайрылуусунда бул маанилүү маселе боюнча Башкы прокуратуранын коомчулукка ачык жооп бере турганына ишене турганын билдирүү менен Садыр Жапаровдун ишинде аны  барымтага алуу боюнча бир дагы күбө болбогонун, ошол эле учурда ага карата эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Ошондой эле, ал Садыр Жапаровду бир гана Кенжебек Жумабаевдин көрсөтмөсүнүн негизинде 11,5 жылга камалганын жазган. Ал  өзүнүн көрсөтмөсүндө барымтага алууга Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурганын айтып, 8 жылга эркинен ажыратылганын , бирок кандайдыр бир түшүнүксүз себептерден улам бир жылдан кийин анын эркиндикке чыгып калганын, чыккандан кийин Жапаровдун күнөөсү жана тиешеси жок экендигин айткан жана  тергөөчүлөрдүн мажбурлагандыгы боюнча видео аркылуу кайрылганын жазып, бул боюнча Садыр Жапаровдун ишин кайра карап, кошумча тергөө жургүзүүнү суранган.

Мындан сырткары Эмилбек Каптагаев Кенжебек Жумабаевдин ишине укуктук баа берилиши керектигин, ошол эле учурда  тергөөчүлөрдүн мажбурлап көрсөтмө алуусу боюнча да жоопкерчиликке тартылыш керектигине токтолгон.

Ачык каттын аягында Башкы прокурорго каттын жоопсуз калбай турганына ишенерин билдирген.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» кени боюнча болгон нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору, саясатчы Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга айыпталган. 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл 6 айга кесилген.

Copyright © 2017 Maral FM