Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков өзбекстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Сен 2019 | 515 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди жана жалпы өзбек элин Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков өз куттуктоосунда Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук, бакутбатчылык жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош өзбек элине өнүгүүнү каалады.

«Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Өзбекстан Республикасы региондук жана эл аралык маселелерде кылган чечкиндүү кадамдарынын натыйжасында дүйнөлүк аренада татыктуу орунду ээледи.Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттердин кызматташтыгы болуп көрбөгөндөй бийик деңгээлге чыкты«,- деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук жана ынак коңшулук мамиле мындан ары да эки элдин жаркын келечеги үчүн бекемделе берерине ишенерин билдирди.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM