Биз менен байланышыңыз

Бир суткада өлкө аймагында 43 өрт кырсыгы катталды

Кыска кабар | 30 Авг 2019 | 345 | 0

Бир сутка ичинде республиканын аймагында 43 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 45 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте 7 өрт кырсыгы, Ош облустунда 6 өрт кырсыгы, Чүй облусунда 13, Жалал-Абад облусунун аймагында 8 жана Нарын, Баткен облустарында 2 ден өрт кырсыктары, Талас облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Сокулук районуна караштуу Селекция айылынын Кипкалова көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 60 чарчы метр чатыры жана 100 түк жыйылган чөп күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү №74 үйдүн батиринин 15 чарчы метр болгон бөлмөсү күйгөн. Алдын ала болжолдоолор боюнча өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

 

Copyright © 2017 Maral FM