Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Мандатты кайтарып алуу планым жок

Кыска кабар | 29 Авг 2019 | 654 | 0

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мандатын кайтарып алуу планы жок экенин айтты. Журналисттерге берген маегинде азыр юридикалык, саясий жактан реабилитация болуу максатын билдирди.

-Акталгандан кийин мандат маселесин кеңешип көрөм. Ал мен үчүн маанилүү эмес. Түрмөдө болсом да партия өз ишин улантып турду. Мен камакта отурган 2 жыл 7 айда жүздөгөн адамдар чуркап, миңдеген адамдар ар кандай формада колдоо көрсөтүп жүрдү. Аларды таштап, четке чыга берүү – чыккынчылык. Биз саясий ишибизди партиялык негизде улантабыз,-деди Текебаев.

Белгилей кетсек, 29-августта Биринчи май райондук соту «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап, үй камагына чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM