Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Ар кандай чечимге даяр элем

Кыска кабар | 29 Авг 2019 | 1235 | 0

Өмүрбек Текебаев үй камагына чыккандан кийин журналисттерге маалымат берди. Анда ал соттук отурумда ар кандай чечимге даяр болгонун айтты.

— Соттун 2 абзац чечими 2 саатка кармалганда ар нерсе оюңа келет экен. Мен мындай чечимди нормалдуу кабыл алдым. Билесиңер, менин жүрөгүм аритмия менен ооруйт. Күтүп отурганда 71 боюнча өзгөрбөй турду. Мен кымындай да толкунданган жокмун,-деди саясатчы.

Белгилей кетсек, 29-августта Биринчи май райондук соту «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап, үй камагына чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM