Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 2-3-сентябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 29 Авг 2019 | 446 | 0

2-3-сентябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 11…16°, күндүз 19…24°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоо этектеринде түнкүсүн 9…14°, күндүз 19…24°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM