Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Өкмөттүн милдети экономиканын «Кумтөрдөн» көз карандылыгын азайтуу

Кыска кабар | 28 Авг 2019 | 443 | 0

Жыл башынан бери биз макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү бир деңгээлде гана кармап турбастан, анын туруктуу өсүш темпин камсыз кыла алдык. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Премьер-министр макроэкономикалык саясатта Кыргыз өкмөтүнүн негизги стратегиялык милдети экономиканын «Кумтөр» алтын кенине болгон көз карандылыгын азайтуу болуп эсептелерин эске салды.

«Жыл башынан бери биз макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү бир деңгээлде гана кармап турбастан, анын туруктуу өсүш темпин камсыз кыла алдык. Алсак, Ички дүң продукциянын өсүшү 6,9% чыкты, же 284,4 млрд сомду түздү.  Бул көрсөткүч – ЕАЭС өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Бул жерден баса белгилеп айта кетчү сөз – Кумтөрдү кошпогондо ИДПнын өсүшү 3,1% болду, же 252 млрд сомду түздү,»- деди Абылгазиев.

Анын маалыматы боюнча, экономиканын бардык тармактары боюнча өсүш камсыз болду: өнөр жайы тармагында – 19,5%; курулуш – 6,9%; кызмат көрсөтүү – 2,3%; айыл чарбасы – 1,9%.

Кыргызстан ЕАЭС өлкөлөрүнүн ичинде керектөө бааларынын өсүшү боюнча эң аз (100,1%) жана инфляциянын оң динамикасы катталган (0,3%) өлкө болгондугун билдирди. Беларусь – 105,9%; Казакстан – 105,1%, Орусия – 105%; Армения – 101,9%.

Өкмөт башчы ата мекендик продукциянын экспорту 890 млн сомду түзүп, 4,2% көбөйгөнүн, ал эми импорттун көлөмү 2,3 млрд сомду түзүп, 11,6% азайганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM