Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда турагенттиктердин саны өсүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Авг 2019 | 460 | 0

Өзбекстанда 7 ай аралыгында туристтик агенттиктер 2 эсеге көп ачылган. Ошондой эле жаңы ачылган конок үйлөрдүн саны 5 эсеге өскөн. Бул туурулуу өлкөнүн Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Абдулазиз Аккулов билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын акыркы 7 айында Өзбекстанда 295 туристтик уюм, 526 конок үйү түзүлгөн.

2020-жылга чейин Өзбекстанда визасыз режим киргизген өлкөлөрдүн саны 85ке жетет.

«Былтыр Өзбекстанда 9 өлкө үчүн визасыз режим киргизилсе, 2019-жылы 47 мамлекетке визасыз кирүүгө уруксат берилди. Ошентип, визасыз режим кирген өлкөлөрдүн саны 65ке жеткен. Ал эми электрондук виза алган өлкөлөрдүн саны 77ге жетти. Жыйынтыгында 7 айда визасыз режим киргизилген мамлекеттерден келген жарандардын саны 58 пайызга жогорулады», — дейт Аккулов.

Ушул жыл ичинде Өзбекстан 3,7 млн. ​​чет элдик туристтерди кабыл алган. Аларга жалпы 71 млн. доллардык туристтик кызмат көрсөтүлгөн. Жыл соңуна чейин 6 миллиондон ашуун турист келери болжолдонууда. Ал эми туристтик кызмат көрсөтүүдөн 1,3 млрд. доллар түшөрү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM