Биз менен байланышыңыз

Тажикстан 7 айда 35,4 млн доллардан көп жардам алган

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Авг 2019 | 456 | 0

Үстүбүздөгү жылдын акыркы 7 айында Тажикстанга 47 өлкөдөн жалпы суммасы 35,4 млн доллардан ашык гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Avesta сайты билдирди.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, кабыл алынган гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 13,5 миң тоннадан ашкан.

7 айдын ичинде гуманитардык жардам катары: ун, өсүмдүк майы, дары-дармек каражаттары, медициналык багыттагы жана башка буюмдар берилген.

Гуманитардык жардам көрсөткөн ири донор өлкөлөрдүн арасында Орусия (34,8%) биринчи орунда. Анда соң Кытай (30,7%), Швейцария (8%), Индия (3,8%), жана башка өлкөлөр турат.

Copyright © 2017 Maral FM